Кыргызстандык самбочулар Минск шаарындагы эл аралык мелдеште эки коло медаль утту
16 февраль

Кыргызстандык самбочулар Минск шаарындагы эл аралык мелдеште эки коло медаль утту

Ушул жылдын 14-15-февраль күндөрү Минск шаарындагы Спорт сарайында Беларусь президентинин байгесине арналган самбо боюнча XXX эл аралык мелдеш өттү.

Эки күнгө созулган мелдеште жалпысынан 21 комплект медаль ойнотулду: эркектер арасында - 7, кыз-келиндер арасында - 7 жана күжүрмөн самбо боюнча (эркектер) - 7.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык самбочулар байгелүү орундарга ээ болду. Күжүрмөн самбо боюнча 98 кг чейинки салмак категориясында Кутман Кайыпбеков үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль утту. Ал эми спорттук самбо боюнча 64 кг чейинки салмак ченинде Саяк Бараканов коло медаль жеңди.