Бишкек мэриясы
20 май
Бишкекте аскага чыгуу боюнча квалификациялык мелдеш өттү
Ушул жылдын 16–17-май күндөрү Бишкек шаарындагы К-2 спорт клубунун аскага чыгуу аянтчасында 2009–2011, 2012–2013 жана 2014–2018-жылдары төрөлгөн спортчулар арасында аскага чыгуу боюнча квалификациялык мелдеш өттү.
Мелдешке «татаал маршрутка чыгуу» жана «ылдамдыкка чыгуу» дисциплиналары боюнча 50дөн ашык спортчу катышты. Алардын ичинен 41 катышуучу С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары болду.
