Казыбек Молдажиев Альпинизм федерациясынын сезондук жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты
15 ноябрь

Казыбек Молдажиев Альпинизм федерациясынын сезондук жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты

14-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын 2025-жылдагы спорттук сезонун жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, федерациянын президенти Эдуард Кубатов, альпинисттер жана федерациянын мүчөлөрү катышты.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө Спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев сөз сүйлөп, альпинизм – бул кар баскан чокулар менен суук аба ырайы гана эмес, анын артында айлап даярдык көрүү, чарчоо, күмөн саноо жана командага болгон бекем ишеним турганын белгиледи. Ал альпинисттердин эмгеги эң жогорку урматка татыктуу экенин айтып, спортсмендерге жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында федерация президентине жана спортсмендерге сыйлыктар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз спортуна 100 жыл” юбилейлик медалы менен Эдуард Кубатов, Марина Гальцова, Николай Гутник, Наиль Муратов, Наталья Тян, Насиба Эшмурадова сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясын 2022-жылдын февраль айынан тартып президент Эдуард Кубатов жетектеп келет. Уюм ошол эле жылдын 3-июнунда коомдук бирикме катары расмий каттоодон өткөн.

Федерация Кыргызстандагы альпинисттердин, аскага чыгуучулардын, лыжачы-альпинисттердин, скайраннерлердин жана тоону сүйгөн жарандардын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөдөгү тоо спортунун бардык түрлөрүн өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзөт.