Кыргызстандын пенчак силат боюнча курама командасы Ташкенттеги “Шериктештик кубогунда” ийгилик жаратты
10-13-декабрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында пенчак силат боюнча эл аралык “Шериктештик кубогу” өттү. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы катышып, байгелүү орундарга ээ болду.
Алтын медалдар (1-орун):
Арууке Бикбоева – 36 кг;
Жандос Байманхамбеков – 40 кг;
Биназир Мустафокулова – 65 кг.
Күмүш медалдар (2-орун):
Аяна Жусупова – 47 кг;
Шамил Базарбаев – 60 кг.
Коло медалдар (3-орун):
Нурислам Мустафокулов – 57 кг;
Темир Бикбоев – 65 кг;
Жафар Ибайдуулаев – 70 кг;
Сыймык Тавалдиев – 63 кг.
