президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
22 июнь
Талас облусунда бир күндө 29 кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
Талас облусунда бүгүн, 22-июнда 29 кичи футбол аянтчасы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөнкабарлашты.
Курулуш иштери президенттин фондунун эсебинен каржыланды.
Алар:
- Талас шаары (6 футбол аянтчасы),
- Манас району (8 футбол аянтчасы),
- Айтматов району (7 футбол аянтчасы),
- Бакай-Ата району (3 футбол аянтчасы),
- Талас району (5 футбол аянтчасы).
Долбоордун негизги максаты – жаш муундун ден соолугуна кам көрүп, алардын дене тарбияга болгон кызыгуусун күчөтүү жана машыгууга ыңгайлуу, заман талабына жооп берген мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.
