Бишкекте сурдо футзал боюнча Азия чемпионаты өтөт
22 июнь

Бишкекте сурдо футзал боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 2026-жылдын 26-июнунан 5-июлуна чейин сурдо футзал боюнча биринчи Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Чемпионат Бишкек шаарындагы “Алга” стадионунда өткөрүлөт. Командалардын келүүсү 2026-жылдын 25-июнуна, техникалык кеңешме ошол эле күнгө белгиленген. Ачылыш аземи 27-июнда, жабылуу аземи 5-июлда өтөт. Катышуучулардын кетүүсү 6–7-июлга пландалган.

Ага Азиянын 6 өлкөсүнөн эркектер жана кыз-келиндер улуттук курама командалары катышып, континенттин мыкты командалары чемпиондук наам жана Дефлимпиадага жолдомо үчүн күч сынашат.

Мелдеш 2027-жылы Австриянын Тироль аймагында өтө турган Кышкы Дефлимпиада оюндарына жолдомо берүүчү квалификациялык мелдеш болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул Борбордук Азия аймагында Азиянын сурдо футбол федерациясынын (Asian Deaf Football Federation – ADFF) алкагында өткөрүлүп жаткан сурдо футзал боюнча алгачкы Азия чемпионаты болуп саналат.

Чемпионаттын негизги максаты – сурдо футзалды Азия аймагында өнүктүрүү, өлкөлөр ортосундагы спорттук кызматташтыкты чыңдоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле 2027-жылы өтө турган Кышкы Дефлимпиада оюндарына катыша турган күчтүү командаларды аныктоо болуп саналат.