ДКО-2026: Кыргызстандын улуттук командасынын капитанына Мамлекеттик туу тапшырылды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
30 август

ДКО-2026: Кыргызстандын улуттук командасынын капитанына Мамлекеттик туу тапшырылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде мамлекеттик тууну көтөрүп чыгуу милдети улуттук кыргыз күрөш боюнча курама команданын мүчөсү, дүйнө жана эл аралык мелдештердин көп жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Мусабек уулу Азисханга тапшырылды.

Иш-чарага катышкан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин директору Урмат Асанбаев спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

Мусабек уулу Азисхан 1994-жылы туулган. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону, бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августттан 6-сентябрь күндөрү Кыргызстанда өтөт.