Бишкекте 12-эл аралык йога күнү белгиленди
Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында 21-июнда 12-эл аралык Йога күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Туголбаев, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве катышты.
Программанын алкагында йога боюнча инструктор көнүгүүлөрдүн комплексин көрсөтүп, ага каалоочулардын бардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара йога студияларынын өкүлдөрүн, коомдук уюмдарды жана ден соолугун чыңдоого, руханий жактан өнүгүүгө кызыккан шаар тургундарын бириктирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет.
Йога - дене, акыл жана рухтун биримдигин символдоштурган байыркы индиялык практика. Ал ден соолукту чыңдоого, инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшүп, дүйнө жүзүндө кеңири жайылган.
