Бишкекте кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионаты жана биринчилиги башталды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
18 май

Бишкекте кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионаты жана биринчилиги башталды

Бишкекте,”Газпром балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өтүп жатат.

Салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 18-майда өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, эл аралык спорт өкүлдөрү, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.

Урмат Асанбаев өз сөзүндө бүгүнкү мелдеш спортсмендер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө тузөөрүнө ишеним билдирип, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Мелдеште катышуучулар “бой” жана “демобой” дисциплиналарында күч сынашып, дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген спортчу катышып жатат.

“Бой” дисциплинасы боюнча эркектер: -57 кг, -62 кг, -67 кг, -73 кг, -80 кг, -88 кг, -97 кг, 97+ кг салмак категорияларында беттешет

Кыз келиндер: -48 кг, -53 кг, -58 кг, -64 кг, -70 кг, 70+ кг салмак категорияларында күч сынашат.

“Демобой” дисциплинасы боюнча эркектер: -62 кг, -73 кг, -88 кг, 88+ кг салмак категориясында күч сынашат.

Кыз келиндер: -58 кг жана 58+ кг салмак категориясында беттешет.