Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт
11 январь

Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январь күндөрү Бишкек шаарындагы “Бишкек Арена” көп функционалдуу аренасында хоккей боюнча U20 жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (III дивизиондун B тайпасы боюнча) болот.

Мелдешке Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышат.

Турнир Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын уюштуруусунда, эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) жана өнөктөштөрдүн колдоосу астында өтөт.