Төрөбаев көчмөндөр оюндары өтчү Чолпон-Атадагы ипподромду көрүп келди
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду жеринен барып көрдү.
Төрөбаевдин социалдык тармактагы расмий баракчасында айтылгандай, дал ушул жерде кыргыз элинин тарыхы, каада-салты жана улуттук ат оюндары дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүлүп келет.
"Алдыда болуп өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук мелдештери, анын ичинде көк бөрү, ат чабыш жана улуттук ат оюндары өтүүчү башкы аймак. Бул объект заманбап талаптарга ылайыкталып жаңыланып, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Мелдештерге 113 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышат.
