
Бишкекте кармашып урушуу боюнча ИИМдин кубогу болуп өттү
Кармашып урушуу боюнча Ички иштер министрлигинин кубогу болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган спорттук мелдеш 13-14-октябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.
Мелдешке 16 күч түзүмдөрүнүн спортчулары катышып, 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97 жана +97 кг салмак категорияларында күч сынашты.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды:
1-орун – 20 000 сом;
2-орун – 15 000 сом;
3-орун – 10 000 сом.