Нарында жаңы ок атуу тири ачылды
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
18 август

Нарында жаңы ок атуу тири ачылды

Нарын облусунда 17-августта жаңы ок атуу тири ачылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Нарын облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Акназар Акматалиев,Кыргыз Республикасынын Ок атуу спорту федерациясынын жетекчиси Жибек Молдоева, Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жылдыз Мамбетова жана Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлү Айгерим Мамеева катышты.

Спорттук тир - олимпиадалык спорттун түрү болгон ок атуу боюнча спортсмендердин машыгуусуна жана мелдештерди өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анын ачылышы аймактарда спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жаш спортсмендерди даярдоо үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Тирдин ачылыш аземинин алкагында жаңы спорттук объекттин ишке киришине арналган мелдештер өткөрүлдү. Спортсмендер өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, иш-чаранын коноктору үчүн ок атуу боюнча мастер-класс уюштурушту.

Андан кийин дароо Кыргызстандын ок атуу боюнча өспүрүмдөр курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны башталды. Бул жаш спортсмендерге жаңы шарттарда даярдыгын улантып, спорттук чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.