Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Красноярск шаарында өтчү турнирге катышат
29-январдан 1-февралга чейин Красноярск шаарында (РФ) эркин күрөш боюнча “Ярыгин кубогу”-2026 эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Аталган абройлуу мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы катышат.
Улуттук команданын курамы:
- Арууке Кадырбек кызы - 53 кг;
- Азиза Келдибекова - 53 кг;
- Танчолпон Кыбалбекова - 57 кг;
- Баян Мотукеева - 62 кг;
- Дилназ Сазанова - 62 кг;
- Гүлнура Таштанбекова- 65 кг;
- Асель Жапарова - 65 кг;
- Кайыркуль Шаршебаева - 68 кг;
- Нурзат Нуртаева - 72 кг;
- Айжаркын Жаныбекова - 76 кг.
Улуттук курама команда турнирге кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында катышат. Команданын улук машыктыруучусу - Нурдин Донбаев, машыктыруучу - Азамат Рыскулов.
“Ярыгин кубогу” күрөш боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу эл аралык турнирлердин бири болуп эсептелет жана салттуу түрдө ар кайсы өлкөлөрдөн келген эң күчтүү балбандарды
