Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
24 апрель
Бишкекте гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды.
Бишкекте 23-апрелде гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдештер “Газпром-балдарга” дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп Кыргызстандык балбандар жалпы 3 медалга ээ болушту.
Байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар:
- Ергешов Тилек (78кг чейин)- 3 орун
- Нурбеков Бекназар (78кг жогору) – 2-орун
- Жакшылыков Кожомкул (78кг жогору) – 3-орун.
