www
13 апрель
Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын коло медалын утту
11-апрелде Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге ээси болду.
Ал 70 кг чейинки салмакта беттешин 10-апрелде чейрек финалдан баштаган. Анда Жапон балбаны Таичи Нарукини 12:9 эсебинде артта калтырган. Тилекке каршы жарым финалдык баскычта Индиялык Абхиманьюга 3:6 эсебинде утулуп калган.
Үчүнчү орун үчүн беттешинде Кытай балбаны Симинг Вонгту 14:7 эсебинде артта калтырып, коло медалдын ээси болду.
