Альпинист Эдуард Кубатов кычкылтек колдонбой К2 чокусун багындырды
12 август

Альпинист Эдуард Кубатов кычкылтек колдонбой К2 чокусун багындырды

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Пакистандагы 8614 метр бийиктикте жайгашкан К2 чокусун багындырды.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, чокуга ал эл аралык экспедициянын курамында 11-август күнү эртең менен чыкты. Эдуард Кубатов К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон көтөрүлдү.

Эске салсак, 7-июлда К2 чокусун багындыруу үчүн базалык лагерге барган. К2 чокусу Пакистан менен Кытайдын чектешкен жериндеги Каракорум тоо кыркасында жайгашкан. Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул чокуга кеминде 200 адам чыккан. К2 дүйнөдөгү татаал жана кооптуу чокулардын ичинен Аннапурнадан кийин экинчи орунда турат.