
Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионат өтөт
Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионат өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата генерал майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган мелдеш 13-15-ноябрь күнү "Динамо" спорт комплексинде өтөт.
Мелдешке республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Эркектер: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг;
- Кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.
- Комплекстүү жекеме-жеке урушуу: 73, 83, +83