Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионат өтөт
13-15-ноябрь күнү "Динамо" спорт комплексинде аскердик кармаш уруш боюнча Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата генерал майор Эргеш Алиевдин Жаркын элесине арналган ачык чемпионат өтөт.
Мелдешке республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг;
Кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.
Комплекстүү жекеме-жеке урушуу: 73, 83, +83
08.11.2024 22:33:58
