Бишкекте эл аралык Super 4 Wrestling турнири өттү
14 февраль

Бишкекте эл аралык Super 4 Wrestling турнири өттү

Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында 13-февралда эл аралык Super 4 Wrestling турнири өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул турнир беш салмак категориясында дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды бириктирди. 

Турнирге 5 миңден ашык көрүүчү келген, алар балбандарды активдүү колдоп, спорт майрамынын жаркын абалын түзүштү.

Салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, USP эл аралык платформасынын башкы директору жана долбоордун автору Казимир Байрамуков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Улан Султанов катышты.

Айбек Жунушалиев мындай деңгээлдеги турнирдин Бишкек үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, бул эл аралык спорттук байланыштарды бекемдээрин айтты. Ал мэрия ар дайым мындай демилгелерди колдой турганын кошумчалады. Ошондой эле шаардагы спорттук инфратүзүмдүн өнүгүшү, «Жаштык» жана «Алга» ареналарынын курулушу жана Эл аралык стандарттарга ылайык Спорт сарайын модернизациялоо пландары да баса белгиленди. Калаа башчысы спортчуларга жаркын жеңиштерди, а калыстарга адилеттүү баа берүүнү каалады.

Эң күтүлгөн жана жаркын күрөш катары греко-рим күрөшүндөгү башкы беттеш  Акжол Махмудов (Кыргызстан) менен Айк Мнацаканяндын Болгария) беттеши болду. Кереметтүү таймаштын натыйжасында жеңишти Акжол Махмудов багындыра алды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль тагынды.