Кыргызстандык аскерлер ок атуу боюнча КМШ армиясынын чемпионатында жеңишке жетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 август

Кыргызстандык аскерлер ок атуу боюнча КМШ армиясынын чемпионатында жеңишке жетти

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчыларынын арасында өткөрүлүп жаткан XVII Спартакиаданын алкагында штаттык (табелдик) куралдан ок атуу боюнча чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы жогорку кесиптик даярдыгын, тактыгын, чыдамкайлыгын жана мыкты чеберчилигин көрсөтүп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун — Кыргыз Республикасы;
  • II орун — Казакстан Республикасы;
  • III орун — Россия Федерациясы;
  • IV орун — Өзбекстан Республикасы;
  • V орун — Беларусь Республикасы.

Чемпионаттын жүрүшүндө аскер кызматчылары АК-74 автоматынан жана Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарып, жеке жана командалык биринчиликтерде күч сынашты.

Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, таза спорттук атаандаштыктын, өз ара урматтоонун жана аскердик достуктун духунда өттү.