Кыргызстанда 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыяланды
9 сентябрь

Кыргызстанда 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялады. 

Лицейлердин тизмеси: 

1. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы № 106  Кесиптик лицейи;

2. Чүй облусунун    Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы № 7 Кесиптик окуу жайы;

3. Талас облусунун Манас районуна караштуу Көк-Дөбө айылындагы № 51 Кесиптик лицейи;

4. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылындагы  № 15 Кесиптик лицейи;

5. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы № 3 Кесиптик окуу жайы;

6. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жар-Кыштак айылындагы № 60 Кесиптик лицейи;

7. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы  № 69 Кесиптик лицейи;

8. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жангак шаарындагы  № 71 Кесиптик лицейи;

9. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы № 76 Кесиптик лицейи;

10. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылындагы № 108 Кесиптик лицейи;

11. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы № 44 Кесиптик лицейи;

12. Баткен  облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы № 31 Кесиптик лицейи.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген  соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 9-сентябры

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 20-сентябры саат 18.00гө чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 

Сурап-билүү телефону: 0312 62 05 09.