Кыргызстандык окуучулар KIPHO олимпиадасында эки коло медаль жеңди
Агартуу министрлиги
18 март

Кыргызстандык окуучулар KIPHO олимпиадасында эки коло медаль жеңди

Ушул жылдын 5–12-март күндөрү Россиянын Долгопрудный шаарында өткөн П.Л. Капица атындагы эл аралык физика олимпиадасында кыргызстандык окуучулар 2 коло медаль багындырды. Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Жыйынтыгында:

  • Эмилбеков Айтегин - жеке эсепте коло медаль (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби);
  • Туташев Умар - командалык эсепте коло медаль (10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби).

Калган катышуучулар: Темирхан Салиев (11-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби), Касымов Марсель (10-класс, «Маариф»), Мырзабеков Нурбол (10-класс, «Маариф»).

Команданын машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов.

KIPHO олимпиадасы үч этаптан туруп, катышуучулар эксперименталдык жана теориялык тапшырларды жеке жана командада аткарышты.