Сузак районунда 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу кайра жанданды
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында 120 орундуу “Баластан” бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Буга чейин курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган.
Курулуш иштеринин калган бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объектти толук бүткөрүү Курулуш министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 70 пайызга аткарылды.
Долбоордун ишке ашырылышы Төбөй айылындагы мектепке чейинки курактагы балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, 150дөй баланын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзөт.
