Билим берүү министри: 0-классты бүткөн балдар түздөн-түз 2-класска өтөт
13 март

Билим берүү министри: 0-классты бүткөн балдар түздөн-түз 2-класска өтөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйында 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча маалымат берди.

Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда 122 миң бала “Наристе” программасынын алкагында 0-класста билим алып жатат.

1-класска баруучу балдардын жалпы саны 171 миң 149 болсо, алардын ичинен 49 миң 212 бала 0-классты окубастан түздөн-түз 1-класста окуп жатат.

Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, август айында мектеп мугалимдери өргүүдөн кайтып келгенден кийин, 0-классты окубаган балдар үчүн кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо курстары уюштурулат.