Ош шаарынын Озгур айылында 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет
Ош мэриясы
8 сентябрь

Ош шаарынын Озгур айылында 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет

Ош шаарынын Озгур айылында 60 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бала бакчада балдар үчүн бардык заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Бала бакча пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ата-энелердин мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыгын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.