Бишкек: Медициналык академиянын эски имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Бишкек шаарында жайгашкан И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эски имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү академиянын карамагындагы Шакиров көчөсү 4 дарегинде жайгашкан, төрт блоктон турган имараттардын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана пландаштырылган реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү чиймелерди даярдап, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүздү.
Жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имараттарды мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгат.
Бул иштер имараттардын техникалык абалын баалоого жана аларды реконструкциялоо боюнча мындан аркы чечимдерди кабыл алууга негиз түзөт.
