КР Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленджин баштады
КР ИИМ
12 октябрь

КР Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленджин баштады

Президенттин «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж башталды.

Демилгенин максаты — коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу.

Коррупцияга каршы күрөшүү — мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун биргелешкен милдети. Анын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат.

Челлендждин алкагында эстафеталык вымпел Кыргызстандын Агартуу министрлигине өткөрүлүп берилип, демилгени улантууга жана коомчулукту активдүү катышууга чакыруу жасалды.