Кыргызстанда 2027-жылы 100 гектар жерге көчөт отургузулат
Токой кызматы
12 октябрь

Кыргызстанда 2027-жылы 100 гектар жерге көчөт отургузулат

Орток токой чарбасында 2027-жылга белгиленген 100 гектар жерге көчөт отургузуу планынын алкагында даярдык иштери жүргүзүлүүдө. 

Токой кызматынан кабарлашкандай, учурда көчөттөрдү отургузуу үчүн бөлүнгөн аймактарда ямкаларды даярдоо жана алардын талапка ылайык жайгашуусун текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул иштер келечектеги токой аянттарын кеңейтүүгө, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана токой фондун сактоо менен калыбына келтирүүгө багытталган.

Орток токой чарбасы пландалган иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу менен өлкөнүн токой ресурстарын көбөйтүүгө салым кошууда.