Баткен районунда 1 млрд 380 млн сомго 69 социалдык объект курулду
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

Баткен районунда 1 млрд 380 млн сомго 69 социалдык объект курулду

Баткен районунда жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомду түзгөн 69 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондун акими Данияр Иманалиев президент Садыр Жапаровдун аймакка болгон иш сапары учурунда билдирди.

Курулган объектилердин арасында 12 мектеп, 13 бала бакча, 6 спорт зал, 25 футбол талаасы, 6 балдар ойноочу аянтча жана 7 фельдшердик-акушердик пункт бар.

2026-жылдын аягына чейин дагы алты объектти — бир мектепти, үч бала бакчаны жана эки ФАПты пайдаланууга берүү пландалууда.

Президент район үчүн актуалдуу маселелерди ырааттуу чечүүнү жана колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну тапшырды.