Кара-Кулжа районундагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен, эки үй-бүлө эвакуацияланды
КР ӨКМ
12 октябрь

Кара-Кулжа районундагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен, эки үй-бүлө эвакуацияланды

2026-жылдын 10-октябрында саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Ведомствого караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталган.

Атайын инженердик шаймандардын жардамы менен жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн натыйжасында жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзгөн.

Жер көчкүнүн жылыш багытында 2 турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан. Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Доңуз-Ой тилкесинде жашаган 2 үй-бүлө (жалпы 11 адам) кооптуу аймактан эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө жеринде ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБнын куткаруучулары, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким, айыл аймагынын кызматкерлери жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын экипаждары иш алып барууда.

Учурда тартылган күч каражаттардын жардамы менен Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол салынууда.

Адистер тарабынан жер көчкүнүн абалын изилдөө иштери улантылууда. Толук изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча сунуштар берилет. Кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.