Баткен шаарында беш жылда 148 ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлдү
2021-жылдан 2026-жылга чейин Баткен шаарында 148 жаңы ишкана ачылып, 686 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу шаардын мэри Сейтек Кулубаев президент Садыр Жапаровго маалымдады.
Ошондой эле бул мезгил аралыгында шаарда жалпы наркы 2 млрд 57 млн сомду түзгөн 16 объект курулду.
Алардын катарында 423,9 млн сомдук үч мектеп, 21 млн сомдук спорт зал, 1 млрд 526 млн сомдук 10 административдик имарат, кубаттуулугу 35 кВт болгон 21,5 млн сомдук чакан гидротүйүн жана 65,5 млн сомдук асфальт-бетон заводу бар.
2026-жылы Баткен шаарында алты балдар оюн аянтчасын куруу, ичүүчү суу түтүктөрүн тартуу, автобус паркынын жана унаа токтотуучу жайдын инфраструктурасын өнүктүрүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолчолорду куруу жана шаарды көрктөндүрүү иштери улантылууда.
Аталган иштердин жалпы наркы 170 млн сомду түзөт.
