«Конвейердей иштешкен»: Жапаров чек арачылар менен бажы кызматкерлеринин кармалышы тууралуу айтып берди
Чек ара жана бажы кызматтарынын 15ке жакын кызматкери өткөрүү пункттарынын биринде жашыруун камерага акча чогултуу фактысы түшүп калгандан кийин кармалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11-октябрда Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, УКМК өткөрүү пунктуна жашыруун видеокамера орнотуп, ал 15 күн бою иштеген.
«Жакында 15ке жакын чек арачы менен бажы кызматкери кармалды. Алар акча чогултуп жүрүшкөн. УКМК жашыруун камера орнотуп, мен видеону көрдүм. 15 күндүн ичинде эки адам конвейердей иштешкен. Айдоочу келип, акчаны чайкананын алдына калтырып кетчү жана башка ушундай көрүнүштөр болгон», — деди Жапаров.
Президент бул маселени Арка айылынын тургунунун кайрылуусунан кийин көтөрдү. Аял 2024–2025-жылдары УКМКнын кызматкерлери анын эки уулун кармаганын айтып, аларды күнөөсүз деп эсептей турганын билдирген.
УКМК төрагасынын орун басары Алмаз Ажыгуулов бул иш эл керектөөчү товарларды болжол менен 5 млн сомго контрабандалык жол менен алып кирүүгө байланыштуу болгонун маалымдады. Анын айтымында, бул иш боюнча төрт адам соттолгон. Баткен облустук соту аларды күнөөлүү деп таап, ар бирине 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салган.
Жапаров 2020-жылдан бери бажы жана чек ара органдарынан контрабандалык товарлардын өлкөгө киришине жол бербөөнү талап кылып келатканын белгиледи.
Анын айтымында, бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар бюджеттин өсүшүнүн булактарынын бири болуп саналат. Бул каражаттардын эсебинен мамлекеттик жана аймактык долбоорлор каржыланат.
