Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин суу убактылуу өчүрүлөт, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Суу өчүрүлө турган аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Алыкулов көчөсү – Костанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л. Толстой көчөсү – «Coca-Cola» аймагы;
- Садыгалиев көчөсү – Чүй проспектиси – П. Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Костанай көчөсү, андан ары Алимжан-Ата көчөсү – Чоң Чүй каналы (БЧК) – Ленская көчөсү – Космонавттар көчөсү – Коммунаров көчөсү – Чоң Чүй каналы (БЧК) – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Чүй проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгерчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчина көчөсүнө бурулуш – П. Лумумба көчөсү – Жамгерчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
- «Аскер шаарчасы», «Кызыл-Аскер» конушу, 110-квартал жана «Достук» кичи району.
Суу менен камсыздоонун убактылуу токтотулушу «Западный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо жана алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундары менен мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
