Кыргызстанда ар 20 мүнөт сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун бир учуру катталат
сүрөт: depositphotos.com
12 октябрь

Кыргызстанда ар 20 мүнөт сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун бир учуру катталат

2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 18 миң 862 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га көп.

Расмий статистиканын өсүшү жабырлануучулардын укук коргоо органдарына көбүрөөк кайрыла башташы менен да байланыштуу. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана көчмө кабылдамалардын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Данияр Сапарбаев «Биринчи радионун» «Кыргызстан» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мурда милицияга көбүнчө физикалык зомбулуктан кийин кайрылышса, азыр, айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда психологиялык зомбулук боюнча билдирүүлөр да көбөйгөн.

Сапарбаев муну жарандардын укуктук маданиятынын жана жеке коопсуздугуна болгон мамилесинин акырындап өзгөрүшү менен түшүндүрдү.

Ал көйгөйдү жашыруу зомбулуктун кайталанышына жана күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

«Эгер психологиялык зомбулуктун белгилери байкалса же физикалык зомбулуктун биринчи учуру катталса, бул унчукпай калбоого негиз болот», — деди ИИМдин өкүлү.

Эфирде айтылган маалыматка ылайык, 2026-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 15 миң 690 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын ичинен 14 миң 346сы аялдарга, 922си эркектерге, 424ү жашы жете электерге берилген.