Кыргызстан плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салды
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

Кыргызстан плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салды

Гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу, гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди. 

Тыюу салуу төмөнкү товарларга жайылтылбайт: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу;

2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү; 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына тиешелүү товарлардын мыйзамсыз ташылып келинишинин алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.