Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу иштери уланууда
Бишкек мэриясы
12 октябрь

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу иштери уланууда

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мэриядан кабарлашкандай, Чыгыш айланма жолун куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды:

- «Шнос» май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси бошотулду;
- Өндүрүштүк-механикалык жай (ПЗМ) жана техникалык тейлөө станциясы (СТО) — 600 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси бошотулду;
- кафе жана унаа жуучу жай — жалпы аянты 380 чарчы метр;
- Көк-Жар айылындагы Карагул Акмат көчөсүндө  «Корея Лайт» кафеси — 200 чарчы метр;
- «Ак Жол» дүкөнү — 1 080 чарчы метр;
- «Беш Манты» кафеси — 150 чарчы метр.

Мындан тышкары, Курманжан Датка көчөсүн куруу жана кеңейтүү иштеринин алкагында берилген эскертүүлөрдүн негизинде төмөнкү объектилер демонтаждалды:

- «Аспаптарды ижарага берүү» дүкөнү — 120 чарчы метр;
- «Фаберлик» дүкөнү — 200 чарчы метр;
- «Газ жабдуулары» дүкөнү — 70 чарчы метр;
- «Ун» азык-түлүк дүкөнү — 126 чарчы метр.

Аталган иштер жол-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон аймактарды бошотуу, ошондой эле шаардагы көчө-жол тармагын куруу жана кеңейтүү максатында жүргүзүлүүдө.