Токмокто 73 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды
Токмок шаарында аялдын өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды, деп кабарлайт Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.
Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 25-сентябрында болжол менен саат 18:10 чамасында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан жүргүзүлгөн кароодо 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын денесинде зомбулуктун белгилери бар экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча 2026-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын жагдайларын аныктоого, ага тиешеси бар адамдарды табууга жана тиешелүү далилдерди топтоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, 2026-жылдын 11-октябрында Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
