Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын элинин көйгөйлөрүн укту
президенттин администрациясы
12 октябрь

Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын элинин көйгөйлөрүн укту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы сөзүн өлкөнүн өнөр жай тарыхын эскерүү менен баштап, анда Кызыл-Кыя көмүр кени, Кадамжай сурьма комбинаты жана Айдаркен сымап заводу сыяктуу стратегиялык мааниге ээ ири ишканалар өзгөчө орунду ээлегенин белгиледи.

Кызыл-Кыя көмүр кени учурунда Борбор Азиядагы эң эски көмүр кендеринин бири болсо, Кадамжай сурьма комбинаты эң ири жана сапаттуу сурьма өндүргөн ишкана болгон. Ал эми Айдаркен сымап заводу дүйнөдөгү саналуу гана сымап өндүрүүчү ишканалардын бири катары таанылган.

Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө токтолгон Садыр Жапаров 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кызыл-Кыя жана Айдаркен шаарларынын, ошондой эле Кадамжай районунун өздүк кирешелери орточо эсеп менен эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

“Кызыл-Кыя шаарынын артыкчылыгы — өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү. Шаарда иштеп жаткан ишканаларды кеңейтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчөтүшүбүз керек. Маселен, “Глобал Гармент” ишканасынын өндүрүшүн кеңейтүү зарыл. Мындай ишканалардын көбөйүшү жергиликтүү бюджеттин киреше базасын да кеңейтет. Ошондой эле Айдаркен, Кадамжай шаарларынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу маанилүү. Ал эми Кадамжай району – айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармагында чоң мүмкүнчүлүгү бар аймак. Аны дагы туура пайдаланып, өндүрүштү көбөйтүү керек. Сиздердин райондо өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө”, - деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары, ал “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2024-жылдан бери чакан ГЭС, таш майдалоочу, даяр бетон чыгаруучу, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, шифер жана курулуш материалдарын өндүрүүчү ишканалар иштеп жатканын баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылы да бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландаштырылып, чекесинен ишке берилүүдө.

Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекет Кадамжай сурьма заводунун жана Айдаркен сымап комбинатынын ишин кайра жандандыруу максатында аларды калыбына келтирүү иштерин кайрадан колго алганын кошумчалады. Сурьма комбинаты “Кыргызалтын” ишканасынын карамагына өткөрүлдү. Айдаркенде сымап калдыктарын кайра иштетүүчү завод курулуп жатат.

Мамлекет башчысы Кызыл-Кыя шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу көйгөйү бар экенин белгилеп, бул маселелер боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалса, каржылоо булактарын издөө башталарын айтты. Шаардын турак жайга муктаж жарандарын үй менен камсыз кылуу маселесин Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу чечүүгө болот. Ошондой эле Жалпы дарыгерлик практика борборунун алдында консультациялык-диагностикалык бөлүм ачуу маселеси каралат.

“Баткен – Кыргызстандын стратегиялык жактан маанилүү аймагы. Ошондуктан бул жердеги ар бир айылдын, ар бир райондун жана ар бир шаардын өнүгүшү мамлекеттин өзгөчө көңүлүндө. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштердин баары — Баткендин эртеңки өнүгүүсүнө салынган пайдубал. Жолдор салынып, мектептер курулуп, бала бакчалар ачылып жатат. Таза суу четинен жеткирилүүдө, ооруканалар оңдолууда, спорттук объектилер курулууда. Өндүрүштү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин максат – Баткен облусун республикалык бюджеттен жардам күтүп отурган аймак эмес, өзүнүн күчтүү экономикасы, өнүккөн өндүрүшү, айыл чарбасы, кайра иштетүүсү, соодасы жана туризми бар аймакка айландыруу”, - деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.