сүрөт: depositphotos.com
12 октябрь
Бишкекте балдар сасык тумоо менен ооруганда кеңеш берүүчү колл-борборлор иштей баштады
Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда балдарда курч респиратордук вирустук инфекциянын (ОРВИ) алгачкы белгилери байкалганда телефон аркылуу кеңеш берүүчү линиялар ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Колл-борборлор жекшембиден башка күндөрү саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Эпидемиологиялык кырдаал начарлаган учурда иш убактысы саат 20:00гө чейин узартылышы мүмкүн.
Кеңеш алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
- №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0501 323 156
- №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0559 203 103
- №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500 755 471
- №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0704 706 773
- №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500 706 911
- №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0558 299 808
- №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500 060 868
- №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0700 157 609
- №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0550 359 050
- №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 507 015
- №11 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0500 530 010
- №12 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0501 121 293
- №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0707 366 084
- №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0550 103 150
- Темир жол ооруканасы — 0709 372 849
Саламаттык сактоо министрлиги балдарда ОРВИнин алгачкы белгилери пайда болгондо колл-борборлорго кайрылып, оорунун алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт.
