Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Кыргыз авиациялык институтуна барды
6 июнь

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Кыргыз авиациялык институтуна барды

2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен биргеликте И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө министр институттун ишмердүүлүгү, билим берүү программалары, окуу-материалдык-техникалык базасы жана авиациялык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Окуу жайдын жетекчилиги билим берүү процессин өркүндөтүү, заманбап билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана авиация тармагы үчүн адистерди даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле институттун окуу-өндүрүштүк базасы көрсөтүлүп, студенттердин практикалык даярдыгын камсыздоого багытталган шарттар тааныштырылды. Жолугушуунун жүрүшүндө авиация тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүү менен өндүрүштүн өз ара байланышын чыңдоо маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында студенттер менен жолугушуу өтүп, анда жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү, илим жана инновацияларды колдоо, ошондой эле эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо боюнча пикир алмашуу болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Мындан тышкары, министр институттун музейине барып, авиациялык билим берүүнүн калыптануу тарыхы жана окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо боюнча иштер ырааттуу улантылууда.