Ноокен районунда 275 орунду жаңы мектеп пайдаланууга берилди
24 январь

Ноокен районунда 275 орунду жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында №35 Шамшидин Суеркулов атындагы жаңы типтүү мектеп имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Билим берүү уясы 275 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 71 млн 230 миң сом каражат жумшалган.

Мектептин эски имараты 1986-жылы курулуп, 192 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө айыл жашоочуларынын саны өсүп, эскилиги жеткен мектепте 380 окуучу, үч нөөмөт менен билим алып келишкен.

Мектептин ачылышына Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебвев, Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Талант Мамытов, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Мейкинбек Абдалиев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.