Агартуу министрлиги жана сот адилеттигинин жогорку мектеби зомбулуктун алдын алуу маселелерин талкуулады
Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана директордун орун басары Айгүл Абдыкеримова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жаштар арасындагы зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле мектеп окуучулары арасындагы буллингдин жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, педагогдордун эмгек укуктарын коргоо жана билим берүү уюмдарынын аймагында коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы окуу жылынын башында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык тегерек стол өткөрүүнү макулдашты.
Ошондой эле тараптар аталган багыттар боюнча илимий-практикалык конференция өткөрүү маселесин талкуулашты.
