Манас шаарында алты мектеп курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында алты мектеп курулууда. Алардын бири — 375 орундуу №21 жаңы мектеп.
Объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери ушул жылдын март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектеп имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85 пайызга аткарылды.
Азыркы учурда имараттын ички жасалгалоо иштери дээрлик аяктап, сырткы фасады жасалууда. Ошондой эле аймакта эки футбол, эки волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берип, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлөт.
Курулуш иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Мектепти жаңы окуу жылынын башталышына карата толук бүткөрүү пландалууда.
