Молдобаева: Окуу акысы көзөмөлдөнө баштаса, жеке менчик мектептер жоюулуп кетиши мүмкүн
25 май

Молдобаева: Окуу акысы көзөмөлдөнө баштаса, жеке менчик мектептер жоюулуп кетиши мүмкүн

Учурда Жогорку Кеңеште парламенттик угуудан өтүп жаткан “Баа түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору колдоого алынса, анда өлкөдөгү жеке менчик мектептердеги баа мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. 

Кыргызстандагы жеке мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева бул жеке менчик мектептерге тескери таасирин берээрин билдирди. 

Ал берген маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 325 жеке менчик мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анда 110 миң бала билим алат жана бул жалпы балдардын 11 пайызын түзөт. 18 миңден ашуун мугалимдер жана башка кызматкерлер иштейт. 

“Жеке менчик мектептер – мамлекеттеги билим берүүнүн, жаңычылдыктын флагманы болуп эсептелинет. Акыркы 2 айдан бери мектеп акысы Антимонополия кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт экен деген кабарды угуп, баарыбыз тынчсызданып жатабыз. Эгерде бул ишке ашып кетсе жеке мектептердин алдында эки сценарий турат: 

Биринчиси, бул жакшыраагы, жеке мектептер жабылып, анда окуп жаткан балдар мамлекеттик мектептерге которулушат. А мамлекеттик мектептерде бир класста 50дөн кем эмес окуучулар отураары белгилүү. Мугалимдер жетишсиз. 11 пайыз бала мамлекетке кошумча жүк жаратышат. Жеке мектептер жумуш орундарын, салыктан тышкары, 110 миң баланы окутуу менен мамлекеттик бюджеттин 3 миллионго жакын каражатын үнөмдөп берүүдө”, – деди Молдобаева. 

Ал эми ал белгилегендей, экинчи сценарий – бул билим берүү сапатынын начарлашы. Анткени, жеке менчик мектептер окуу акысын 9 ай үчүн алышат, бирок ошол сумманы 12 айга жеткирүүгө туура келет: коммуналдык төлөмдөр, ижара акысы, ипотека ж.б. кыскартууга мүмкүн болбогон чыгашаларды жайкы каникул учурунда дагы төлөөгө туура келет. 

“Бизде бир түшүнүк калыптанып калган – билим берүү жана медицина бекер болушу керек деген. Бирок азыркы жашоо такыр башка жолду көрсөтөт. Билим – азыр келечекке инвестиция. Жеке мектептер күчтүү билим берип, күчтүү жарандарды окутуп, анан алар чет өлкөлөрдөн абройлуу окуу жайларын аяктап келип, мамлекеттин пайдасына иштесе – бул узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат”, – деди ал. 

Ошондой эле Молдобаева мамлекет бааны көзөмөлдөбөгөн учурда деле жеке менчик мектептер өзү билгендей бааны кое албашын, баары бир рыноктун шартына ыңгайлаша турганын кошумчалады.