Мектептерди толук камсыз кылуу үчүн 17 млндон ашуун окуу китеби керек
Акыркы 2 жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды.
Бул каражаттардын ичинен 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча объективдүү себептерге байланыштуу 16 миллион 271 миң 162 сом республикалык бюджетке кайтарылган.
Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынды. Бүгүнкү күндө бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Бул китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар (бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт).