ЖАМК Нельсон Манделанын Эларалык күнүнө карата соттолгондор арасында алгачкы онлайн интеллектуалдык оюн өткөрдү
16 июль

ЖАМК Нельсон Манделанын Эларалык күнүнө карата соттолгондор арасында алгачкы онлайн интеллектуалдык оюн өткөрдү

2025-жылдын16-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы НельсонМанделанын Эл аралык күнүнө арналган соттолгондордун арасында алгачкы онлайн интеллектуалдык оюнду өткөрүүнүн демилгечиси болуп чыкты.

Иш-чараныннегизги максаты соттолгондорго адам укуктарын сыйлоону жана жашоодогу туура баалуулуктарын жеткирүү аркылуу Нельсон Манделанын өмүр таржымалын жана руханиймурасын түшүнүүгө өбөлгө түзүү болду. Интерактивдүү оюн аркылуу ресолизациянын маанилүү бөлүгү катары соттолгондордун акыл-эс жөндөмдөрү менен баарлашуукөндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле гуманизм, коомдук адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптери менен тааныштыруу.

Программаныналкагында оюн “Өткөн чактын күзгүсү: Нельсон Манделанын өмүр жолу” аттуу презентация менен ачылып, “Манделанын жолу: суроодон суроого”, “Эрудит-шоу”жана “Өмүр мозаикасы” атуу интерактивдүү оюндар өткөрүлүп, финалдык оюн аркылуу “Акыл сыноо” айлампасынын жыйтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Курамакомандалардын арасынан №8 мекемесинин “Эркиндикке кадам” командасы жогорку деңгээлдеги билимин жана команданын мүчөлөрүнүн ынтымагын көрсөтүп, жеңишке жетишти. Куттуктоо мененжеңүүчүлөргө 22 даана футбол формасы, футболдук топтор, кубоктор жана медалдар тапшырылды.

Бул иш-чараБУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин колдоосу жана бир катар жарандык уюмдардын катышуусуменен уюштурулду.