2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү 300 жаңы материал иштелип чыгат
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды.
Талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлдү. Долбоор Агартуу министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.
Талдоонун жүрүшүндө колдонуудагы материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын күчтүү жактары жана жетишпестиктери аныкталды.
Жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды.
"Жаңы материалдар кагаз түрүндө гана эмес, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалышы керек. Алар ата-энелерге жана педагогдорго балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте курактан өнүктүрүүгө жардам берет", — деди Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова.
