Ош шаарында быйылкы окуу жылында дагы 7 мектепке ысык тамак киргизүү пландалууда
Ош мэриясы
16 июнь

Ош шаарында быйылкы окуу жылында дагы 7 мектепке ысык тамак киргизүү пландалууда

Бүгүн, 16-июнда Ош шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында мектептерде тамактануу системасын өнүктүрүүгө арналган иш-чара болуп өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышты.

Учурда Ошто 39 мектепте 26 миңден ашуун окуучу ысык тамак, 29 мектепте 20 миңге чукул окуучу шашке чай менен камсыз болууда. Быйылкы окуу жылына дагы 7 мектепке ысык тамак киргизүү пландалууда.

2013-жылдан бери Ошто 14 мектеп жана 2 бала бакча программага кошулуп, байытылган ун жана техникалык колдоо алып келет. Азыр 7 мектептин ашканасы оңдолуп, 2026-жылдын сентябрына чейин ысык тамак ишке кирет.

Билим берүү мекемелеринде эмгектенген ашпозчулар атайын окуудан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болгон тажрыйбалуу адистер болуп саналат.

Мектептеги тамактанууну өнүктүрүү балдардын ден соолугуна, билим сапатына жана үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгына түздөн-түз байланыштуу. Бул борбордун ачылышы түштүк аймактагы билим берүү мекемелеринин потенциалын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.