президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
13 август
Баткен шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды
Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында бүгүн, 13-августта 375 орундуу заманбап мектептин курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана облустук-шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундагы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулушка мезгил кутучасы салынып, аксакалдар батасын беришти.
Мектепте балдардын билим алуусу үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлөт.
